реклама
super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыскелди Момбеков: “Отунбаева Атамбаевдин кемчилигин айткан соң, анын ийгилигин да кошо айтса туура болмок”. КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 1-июлда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү экендиги жазылган.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Отунбаева Атамбаевди элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп-жарууда деп айыптады. Отунбаеванын пикирине кандай карайсыз?" деген соболу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков пикирин айтты.

"Роза Отунбаеваны урматтап, сыйлаган адаммын. Анын кайрылуусуна комментарий берүү мен үчүн оор, бирок ошондой болсо да айтышка туура келүүдө. Анын кайрылуусун толугу менен окуп чыктым, бирок толук канааттанган жокмун.

Себеби мындай нерселерди айтуудан мурун ага этияттык менен мамиле жасоо керек. Адамдын кемчилигин айткан соң анын ийгилигин да кошо айтуу туура болмок. Ал бийликтин алсыз, акыйкатсыз кадамдарын айтканда, азыркы күндөгү бийлик дагы ошол жолдо бара жаткан жокпу, ошондой кадамдар барбы, кошо айта кетсе кайрылуусу карапайым калкка толугу менен жооп бермек. Бүгүнкү күндө деле мурунку бийлик кетирген кадамдар болуп жаткан жокпу деген суроо жөнүндө бир сөз айтпаптыр.

Жок дегенде эле өзү сыйлаган мурунку ИИМ министри, азыркы депутат Зарылбек Рысалиевге болуп жаткан саясий куугунтук жөнүндө билсе, анын оозунан укса, Роза Исаковнанын кайрылуусу башкача болот беле деген ой калууда. Себеби андай кадамдар бүгүнкү күндө деле уланып жатат. Ошондуктан жарым-жартылай канааттандырды деп айтып жатам. Мурунку бийлик кетирген каталарды азыркы бийлик деле кетирип жатат. Бүгүнкү кыймыл-аракеттердин бардыгы эртең кылмыш аракеттерине айланарына эч ким күмөн санабаса деле болот", - дейт Момбеков.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128967;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: