Сот Аида Салянованы абакта калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-июлда камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Рабига Садыкова билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко Аида Салянова өзү алынып келген жок.

"Аида Саляновага кечээ жолуккам, анын ден соолугу начарлап жатат, кээде дем ала албай да кыйналып жатыптыр", - деди жактоочу.

Ошондой эле жактоочу Аида Салянованын тарапташтары жана жакындары соттун чечимине нааразы болуп, парламенттин алдына барышканын да кошумчалады.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
JENTLEMAN
2019-07-05 18:06:44
Эң туура чечим, жазасын алсын Ашанын бывщая фассы.
0
JENTLEMAN
2019-07-05 18:08:38
Убагында Аидада өзүнө окшоп ооруп калгандарды ой-бойуна карабай эле тыга берген бүт оппозиционерлерди, ошолордун каргышы тийип жататко.
0
bond02
2019-07-05 18:39:29
Бироого ор казсан кен каз озун тушосун деп ата бабабыз айтып келген.
+2
sher90kgz
2019-07-05 20:55:56
bond02, (ор эмес) оро
-3
JENTLEMAN
2019-07-05 21:34:18
bond02, "Бирөөгө оро казсаң кенен же терең каз" болсо керекко)).
-5
Sakubek
2019-07-05 22:14:57
Ороо деген картошка сактаган жер,ор деген чункур деген маанини билдирет.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан