Азиз Батукаевдин абактан бошотулушунун жана анын өлкөдөн сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтом:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуштаманы президентке киргизүү жөнүндө;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу;
- Ички иштер министринин орун басары Фурхат Усеновду, Саламаттыкты сактоо министрлигинин гематология боюнча кыргыз илимий изилдөө борборунун директорунун орун басары Эмил Макимбетовду, ЖАМКнын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ЖАМКнын медициналык-санитардык камсыз кылууну уюштуруу башкармалыгынын начальниги Акылбек Асановду, №24 (Нарын шаарындагы 4-СИЗО) мекемесинин башчысы Кубанычбек Касымалиевди, ушул эле мекеменин башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Тилек Абылгазиевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу.
- Президентке Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу сунуш киргизүү;
- түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурор Майрамбек Акматалиевдин, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөө боюнча прокурордун жардамчысы Кубат Жуматаевдин жоопкерчиликтери жөнүндө маселени кароо.
- камактагы Батукаевди жазаны андан ары өтөөдөн мыйзамсыз жана негизсиз бошотууга жана анын өлкөдөн чыгып кетүүсүн камсыз кылууга катыштыгы бар кызмат адамдарына карата юридикалык баа берүү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын;
- ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кеч эмес мөөнөттө ушул пункттун экинчи абзацынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Жогорку Кеңеште маалымат берсин.