Бүгүн, 23-майда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы каралды.
Сот Атахановду ушул жылдын 26-июнуна чейин СИЗО-1де калтыруу чечимин чыгарды.
Экс-вице-премьер кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 21-майда кармалган.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри
Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси
Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге
киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер
Эмил Макимбетов жана лаборант
Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып,
тергөө абагына киргизилген.