Белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатуновго операция жасалды

Белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатуновго операция жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчынын мурдуна операция жасалган.
"Новороссийск шаарына берчү концертинин алдында ырчы тиши катуу ооруп жатканын айткан. Кийин Москва шаарына келгенде анын сасык тумоосу күчөп, мурдунун сол жагына суук тийип, ириң басып кеткенин билдик. Мындан улам аны дароо операцияга даярдап киргизишти", - деп билдирген ырчынын директору.
Операция ийгиликтүү өтүп, Юрий Шатунов азыр өзүн жакшы сезип калган. Дарыгерлердин айтымында, ал ооруканада дагы 1 жума болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munduz2016
2019-07-05 17:21:35
Айыгып кетсин 30 жылдан бери угамын ырларын
+7
arena2014
2019-07-05 19:58:27
Легенда!!!
+5
Aidar.001
2019-07-06 02:44:51
И снова седая ночь. ......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан