Белгилүү корей режиссёру Бишкекке келди

Белгилүү корей режиссёру Ким Ки-Дук Бишкек шаарына келди. Бул "Кыргыз киносунун" сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, режиссёр Кыргыз өлкөсүнө өзүнүн каалоосу менен Бишкекти, Ысык-Көлдү көргөнү, кесиптештери менен таанышканы келген.

"Биз аны менен боло турчу иш-чаралардын тизмесин сүйлөшүп алып, анан жарыялайбыз. Кесиптештер, анын чыгармачылыгын жакындан тааныган көрүүчүлөр менен жолугушуу да болот", - деп жазылат маалыматта.

Ким Ки-Дук кино дүйнөсүнө алгач өзүнүн "Крокодил" аттуу тасмасы менен кирген. Азыркы тапта ал Кореяда эң белгилүү режиссёр, сценаристтердин бири. Ким Ки-Дуктун "Реалдуу ой", "Самаритянка", "Ээнсиреген үй", "Ариран", "Жекеме-жеке", "Сеть", "Адам, космос, убакыт жана адам" аттуу белгилүү тасмалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан