Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочуларынын арызынын негизинде ишти кайра карамак.
Буга чейин тагыраагы, июнь айынын аягында экс-депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборунан Бишкектеги №4 ооруканага которулган болчу.
Юрист Таалайгүл Токтакунова абактагы саясатчылардын күнөөсү жок экендигин далилдөөчү бир нече жагдайлар аныкталганын билдирген.
"Леонид Маевский 2010-жылдын май-июнь айларында "ВТБ" банкындагы эсебинен накталай акча алып, жан сакчысы Сергей Кутуков аркылуу Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин айткан. Бирок Маевский аталган банктан эч кандай акча албагандыгы аныкталды. Ал эми Кутуков Текебаевге да Чотоновго да эч кандай акча алып келип бербегенин, 2010-жылы Кыргыз өлкөсүнө келбегенин айтты. Ушул сыяктуу башка дагы жаңы жагдайлар бар", - деди Токтакунова.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.
3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Сабырбек Жумабеков, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору:
"Текебаевдин абалы туруктуу. Бирок анын көп жылдан бери омурткасы ооруйт. Буга чейин дагы операция жасалган.
Учурда биз медициналык текшерүү жасадык. Текшерүүнүн жыйынтыгында Текебаевдин омурткасынын эки жеринде грыжасы бар экени аныкталды. Азыр ага операция жасоого даярданып жатабыз. Жүрөгү жана башка оорулары бар болгондуктан операция кечигип жатат".
Депутат Алмамбет Шыкмаматов соттук отурумдун эмне себептен жылганын айтып берди.
"Төрагалык кылуучу судья иш көлөмдүү, иш менен таанышуу керектигин айтты. Жаңы жагдайлар боюнча тийиштүү суроолорду жибергенин, ишти изилдегенге убакыт керек деген жүйө менен сотту жылдырды. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча документтерди сотко 3-4 ай, прокуратурага 5 ай мурда берген. Бирок дагы 1 ай убакыт керек дегени бизге түшүнүксүз болуп жатат.
Текебаев менен Чотонов эл аралык деңгээлдеги шылуундун көрсөтмөсү менен, далили жок эле соттолуп кеткенин коомчулук билет. Мындай резонанстуу, эл аралык институттардын талкуусун жараткан иш адилеттүү каралышы керек. 1 ай убакыт сотторго жетиштүү деп ойлойм", - деди ал.
Өмүрбек Текебаевдин соту 21-августка жылдырылганы айтылды.
Сот залына Текебаевдин жактоочусу, тарапташтары киргизилди. Бирок журналисттерди залга киргизбей коюшту.
Наталья Никитенко: "Учурда бардыгы акыйкат чечимдин чыгышын күтүп жатат. Текебаев менен Чотоновдун иши резонанстуу. Бул иш "Ата Мекен" партиясына гана эмес, Кыргыз өлкөсү үчүн мааниге ээ. Буга чейинки соттун чечими биринчиден саясий куугунтук болсо, экинчиден адилетсиз, жүйөөлүү болбогонун жакшы билебиз. Андан бери 2 жыл өттү. Кармалгандар дагы деле акыйкат чечимди, эркиндикке чыгууну күтүп жатат. Албетте жаңы жагдайлар тууралуу биз, фракция дагы бир нече жолу айтып келген. Жаңы жагдайлар бар, болгон. Бүгүнкү күндө дагы толукталды. Жаңы жагдайларды сот кабыл алып, ишти кайра карап чыгып, объективдүү чечим чыгарышы керек. Соттун чечими ачык болушу керек".
Жогорку Соттун имаратында журналисттер, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жана депутат Наталья Никитенко чогулушту. Мындан тышкары экс-депутаттын жубайы Айгүл Текебаева келди.
Сот саат 16:30га белгиленген.