Саясатчы Өмүрбек Текебаевге түрмөдө кысым башталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеӊештин трибунасынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүн буга тезинен реакция кылууга чакырды.
"Мага жаӊы эле маалымат келип түштү. Текебаевге 47-колонияда кечээтен баштап кысым башталыптыр. Токтоосуз түрдө ЖАМК жетекчисине байланышкыла. Башка камерага которобуз, үстүнө кайдагы бир адамдарды кошобуз деп жатышыптыр. От менен ойношпосун", - деди Шыкмаматов.
Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев буга чейин камерада өзү жалгыз кармалып келген.