Өмүрбек Текебаев дарылануусун абакта улантат

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев дарылануусун 47-абакта улантат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Текебаевдин саламаттыгын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгерлери текшерет.

"Дарыгерлер Өмүрбек Текебаевдин мекеменин карамагындагы ооруканадан дарылануусун улантууну сунуш кылышты. Дарыланып бүткөндөн кийин кошумча текшерүүлөрдөн өтүүсү керек болсо, анда тийиштүү мекемелер карашат", - деди басма сөз катчы.

Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусуна байланыштуу 10-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборунда текшерүүдөн өткөн.

Буга чейин коомдук ишмерлер жана саясатчылар Текебаевдин дарылануусуна шарт түзүп берүү үчүн президентке, премьер-министрге жана парламенттин спикерине кайрылуу жөнөтүшкөн.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Totyua.71.
2018-04-12 23:05:00
Өкүнүчтүү чындык чыркырап жатат.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан