Бүгүн, 29-августта Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып, анда экөө үй камагына чыкты. Тарапташтары бул чечимди кубануу менен кабыл алышып, учурда "Ата Мекен" партиясында аларды тосуп алуу чакан майрамы өтүп жатат.