Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы штаб түзүп, аны жетектей турганын билдирген.
"Түзүлө турган элдик штаб Атамбаевдин резиденциясына чейин жөө жүрүшкө чыгып, мурдагы президенттин мыйзам чегинде жоопко тартылышына чакыруу жасоону пландоодо", - деген.
3-июлда ал штабдын иши тууралуу маалымат берди. Анда жүрүшкө катыша тургандардын саны көбөйүп жатканы айтылат.
"Бүгүнкү күндө миңдей адам кайрылды, жүздөгөн чалуулар болуп жатат. Биз муну күткөн эмеспиз жана координацияны оңдоого аракет кылып жатабыз. Атамбаевдин үйүнө баргысы келип, аны менен бирге мыйзамдуулуктун сакталышын, башаламандык жана толкундоолорду болтурбоону каалагандардын саны миңдеп саналат. Анын иш-аракеттеринен улам чет элдик басылмаларда, жадакалса АКШнын мамлекеттик департаменти туристтер үчүн эскертүү таратты. Ал миңдеген жарандар арасында кыжырланууну жаратты. Өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнү ыңгайсыз абалда көрсөтүүгө даяр экен. Ага карата массалык жек көрүү болорун күткөн эмесмин, бирок бул факт.
Учурда координация бузулбашы үчүн тизме түзгөнү жатабыз. Чагымчылдыктан коргонуу үчүн атчандар тобу түзүлдү. Азырынча алардын саны - 80-100. Дагы кошуларын убадалап жатышат", - дейт Түлеев.