Атамбаев Москвага учуп кетти

Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарында жайгашкан авиабазадан Москвага учуп кетти. Атамбаевди авиабазага жүздөй тарапташтары коштоп барышты. Аны узатууга келген тарапташтары ал учакка отуруп абага көтөрүлүшүн күтүп турушту. Атамбаев Москвага 1 күнгө кетти.

Чакыруучу тарап РусДжет авиакомпаниясынын ВС RRJ-95B учагын жөнөткөн.

Делегациянын мүчөлөрүнө экс-президент Алмазбек Атамбаев, КСДПнын саясий кеңешинин төрайымы Асель Кодуранова, КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков кирген.

Кант авиабазасы - Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын келишимине ылайык, Орусия пайдаланган Чүй облусунда жайгашкан аскер аэродрому.

Алмазбек Атамбаев Москвага учуп кетти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан