Алмазбек Атамбаев: "Чет өлкөгө бара турган болсом, кайра келгенимде коопсуздукка карайм"

Бүгүн, 16-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен кезектеги жолугууга чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Бийлик мени кетип калат деп ойлоп жатат. Мен кете турган болсом 2-3 күнгө барып кайра эле келем. Азыр жок деп айта албайм, мени чакырып жаткан адамдар бар. Буга чейин да чет элдик досум мени 2-3 жолу чакырган болчу. Эгер мен бара турган болсом алардын шарттарын карайм, мага барган соң кайра кайтып келгенимде коопсуздук керек. Балким, дагы бир жолу жок деп айтам.

Эң биринчиден мага элим керек, азыр элим менен болушум керек. Эгер мен бир күнгө кете турган болсом да "качып кетти" деп ушак таратчудай болуп жатат. Азыркы абалды бул бийлик өзүнө келгенде гана жеңилдете алат. Бул бийлик Атамбаев барбы же жокпу, акыбалды барган сайын курчутат", - деди Атамбаев.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки жолу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Бирок экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв ал суракка барбай турганын айтып, мыйзам бузулуп жатканын баса белгилеген. Анын айтымында, мыйзам боюнча Атамбаевдин кол тийбестиги бар жана аны андан ажырата алышпайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан