АКШнын мамлекеттик департаменти өзүнүн жарандарын Кой-Таш айылына барбоого чакырды. Аталган маалымат мамлекеттик департаменттин сайтында жарыяланды.
"Жергиликтүү маалымат каражаттары көп адамдар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулуп жатканын жазып жатышат. Кыргыз өлкөсүнүн парламенти өткөн жумада президенттин кол тийбестигин алуу жөнүндө чечим кабыл алып, ага бир нече берене боюнча айып коюшкан. Бул окуялар Кой-Ташта жарандар арасындагы ар кандай баш аламандыкка алып келиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары департамент жарандарына адамдар көп чогулган жерлерден оолак болууну эскертет. Ошондой эле болуп жаткан окуялар менен кабардар болуп туруу үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын үзбөй окуп туруу керек экендигин белгилеген.
Айта кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралган. Жыйынтыгында парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечимди кабыл алган.
Бул чечимден кийин Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө маалымат жыйыны өтүп, анда мурдагы президент эл менен жолугуп жатып Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбай тургандыгын билдирген.