Бүгүн, 2-июль Алмазбек Атамбаевди колдоо боюнча түзүлгөн "Элдик штабдын" иштеп жатканына бир апта болду. Демейдегидей эле экс-президент кечке маал колдоп келгендер менен жолугушууга чыкты. Ага чейин "Республика - Ата-Журт" партиясынын жаштар канаты аны колдоп эртең митингге чыгарын билдирген. Андан соң "Республика" партиясы Атамбаевди колдоо митингине тиешебиз жок деп маалымдады.
Атамбаев "Республика - Ата-Журт" партиясынын жаштар канатынын колдоосу боюнча: "Албетте, мен буга кубанып жатам. Алдыда бизди колдоп катарга кошулгандардын саны көбөйөт деп ойлойм. Бабанов менен байланышкан жокмун, бирок аны бир жылдан бери колдоп келе жатам. Ал өзү бир күнү байланышып калат го, балким, келип калабы", - деди.
Бүгүн "Элдик штабга" депутат Мухтарбек Айнакулов, Кыргыздын Малайзия жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан келген. Атамбаев алардын келгени кубантканын айтты.