Абактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Чүй облустук сотуна арыз менен кайрыларын айтты.
"2014-жылы чыккан мунапыс мыйзамда "6 айга чейин эле иштейт" деген норма бар" деген шылтоо жазыптыр. Бул калп. Андай жазуу мыйзамда жок. Ал мыйзам бүгүн да иштеп турат. 3 ай мурда чыккан саясатчылардын баары ушул мыйзам менен чыгышкан. Текебаев менен Чотоновго керек болсо 2010-жылдагы мунапыс мыйзамы колдонулган. Анан эле жалгыз Садыр Жапаровго келгенде иштебей калабы? Бул наадандыктын жеткен чеги.
Жаза аткаруу мекемеси мыйзамга таянып, 3 жыл 4 айын кыскартып бергиле деп сотко өзү "Сунуштама" берип жатат. Бирок сот баш тартты. Жаза аткаруу мекемеси мыйзамдарды аткарууда эч жаңылышпайт. Соттолуучуну бир күн ашыкча кармап койгону үчүн кызматтан кетишет, жазага тартылышат. Ошол үчүн соттолуучунун ар бир күнүн, керек болсо саатын эсептеп отурушат.
Эми Чүй облустук сотуна арыз беребиз. Бирок баары бир соттор чечпейт. Ак Үйдөн буйрук болот. "Бийликтин ээси - эл" дейт. Эл өзү чыгарып албаса, соттор чыгарбайт", - деп жазды адвокат.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши кайра каралары айтылган.
16-июлда буга байланыштуу сот отуруму өттү. Адвокат Шарабидин Токтосунов "мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн соту Байсов Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты" деди.