Ысык-Көлгө апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган абактагы саясатчы Садыр Жапаров 12-мартта Бишкектеги СИЗО-1ге алынып келди.
Бул тууралуу SUPER.KG'ге жактоочусу Шарабидин Токтосунов кабарлады. Жактоочунун айтымында, Жапаров СИЗО-1де бир-эки күн кармалып, андан соң жазасын өтөп жаткан Молдовановка айылындагы №1 колонияга жеткирилет.
"Жапаров апасына топурак салган соң Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген болчу. Бүгүн, эртең менен Бишкектеги СИЗО-1ге алынып келди. Өзүм кирип жолугушуп чыктым, ден соолугу жакшы. Бир-эки күндөн кийин Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияга жеткирилет", - деди Токтосунов.
Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Аны жерге берүү зыйнаты Түп районунун Кең-Суу айылында өткөн.
Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.