Садыр Жапаровдун уулу менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз 5-сентябрь күнү ооруканадан чыгарылган. Ал бардык тийиштүү дарылоодон өткөн жана абалы туруктуу.
26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.