Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун соту өтөт. 23-апрелде соттук иши 30-апрелге жылдырылган. Мындай чечим Жогорку Соттун соттук коллегиясына карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алынган. Соттук отурум саат 16:00дө башталат.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.