Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия аны 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Соттук отурум саат 16:10до башталып, ага Жапаровдун тарапташтары, жактоочулары, ЖМК өкүлдөрү катышты.
Отурумга соттолуучунун 6 жактоочусу катышып аны актоо, кээ бири жаза мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчтөрүн келтиришти. Прокурор болсо буга чейин Садыр Жапаровго карата чыгарылган соттордун чечимдери өзгөртүлүп, 10 жылга эркинен ажыратуу сунушун айтты.
Кеңешме залынан келген соттук коллегия Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 1 жарым жылга кыскартылып, 10 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынганын айтты.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши 23-апрелде каралып, кайра 30-апрелге жылдырылган.