Тышкы иштер министринин мурдагы жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков өзүнө карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Бул тууралуу ал Айбек Теңизбайдын подкастына берген маегинде айтты.
Анын айтымында, иш 2026-жылдын 20-октябрында кылмыш окуясы болбогондугуна байланыштуу токтотулган.
Ошондой эле Айдарбеков депутаттык мандаттан баш тартуусунун себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, кылмыш иши козголгондон кийин мандат үчүн күрөшпөөнү чечкен.
Мындан тышкары, экс-министрге президенттик шайлоого катышуу сунуштары түшкөнүн, бирок азырынча талапкерлигин коюу боюнча чечим кабыл албаганын билдирди.
Эске салсак, 2026-жылдын апрель айында Айдарбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айып тагылган.