20-июлга караган түнү Бишкекте лаунж барлардын биринин ачылышы өттү. Бул иш-чарага атайын келген Орусиянын шоу-бизнесинин жылдызы, алып баруучу, дизайнер, ырчы Ольга Бузова бир сааттык концерт берди.
Залда бош орун болгон жок. Бузованы көрүүгө келгендердин көпчүлүгү кыздар жана айымдар болду. Алар ырчы айым менен бирге ырдап, бийлеп жатышты. Ар бир ыры кол чабуулар менен коштолуп жатты. Айрым күйөрмандары Бузованы өмүрүндө биринчи жолу жанынан көргөндүктөн сүйүнүчү ичине батпай кыйкырып да турушту.
Андан тышкары лаунж бардын ачылышында кыргыз рэп аткаруучулары Бегиш жана Каспер өз чыгармаларын тартуулашты. Жалпы концерттин алып баруучусу Ростислав Ященко болду.
Иш-чаранын соңунда Ольга Бузова Бишкекке кийин дагы келип, жеке концерт берерин убадалады.