Тажикстанда барымтада турган 10 Кыргыз жараны кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда саат 20:00дө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, Тажикстанда барымтада турган 10 Кыргыз жараны кайтарылды. Учурда алар Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.
Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен Тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.
Кыргыз-Тажик чек арасында чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалдан улам жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду
1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.