Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин ооруканага 14 адам жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Кечээтен бери чек арадагы жаңжалдан улам ар кандай жаракат алып, ооруканага жалпысынан 14 адам кайрылган. Алардын баары облустук оорукананын сынык бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын ичинен он бир адамга хирургиялык жардам көрсөтүлгөн. Учурда жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп билдиришти министрликтен.