Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 14:00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан Головной суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташкан.
"Уларбек Шаршеев кырдаалды координациялап, Тажик чек арачылары козгогон чыр-чатакты басуу боюнча чара көрүп жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кеткени кабарланган.