Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал менен таанышып, элдин үнүн угуу үчүн Баткенге учуп кетишкен. Алар учурда эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышканын Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.
"Жаңы эле Баткен районунун Орто-Боз айылындагы эл менен жолуктук. Ал жердеги Төрт-Көчө участогунда дагы курулуш иштери башталган экен. Жергиликтүү тургундар менен кезигип, алардын максат-тилектерин уктук.
Учурда Лейлек районуна бара жатабыз. Ал жакка барганда тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Жолдон жабыркап, ооруканага жеткирилген жарандарга кезигип, абалын сурайбыз. Ал жактан чыккандан кийин, каза болгон Равшан Муминовдун үйүнө барып, көңүл айтабыз", - деди Тиллаев.