Баткен облусунун аймагында кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан курулуштар боюнча 136 турак жай жана 84 объектке зыян келтирилди. Бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ӨКМ атайын комиссия түзүп, тактоо иштерин алып барууда. Чыгымдар такталууда.
Такталган маалыматка ылайык:
136 турак жай, 27 май куюучу жай (АЗС), 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана, 1 мектеп, 1 ФАП, 2 дарыкана, 1 бала бакча, 1 китепкана, 1 медициналык борбор, 1 стоматология жана 7 мамлекеттик имараттар жарактан чыккан.