Бүгүн, 25-июлда Сооронбай Жээнбеков чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшембиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү, чек ара аймагындагы айылдарда жашагандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын башкы приоритеттеринин бири экенин айтты.
"Бул маселелерди чечүү бийликтин бардык бутактарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун талап кылган комплекстүү милдет болуп саналат. Ошону менен катар алдын алуу чараларын, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент чек ара аймагындагы айыл жана райондордо инфраструктураны жакшыртып, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда тийиштүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал жана чек ара аймагындагы айылдарда инфраструктураны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп, ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 11 адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан.
Жаңжал боюнча Кыргыз жана Тажик чек ара кызматы да билдирүү таратты. Тажикстан тарап жаңжалдан 1 адам каза болуп, 10дон ашуун адам жаракат алганын маалымдады.
Вице-премьер Жеңиш Разаков, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна барышты.
Жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Исфана-Баткен унаа жолу жабылганы маалымдалган.
Бүгүн, 25-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени айтылып, Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылганы белгилүү болду.