Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин караган судья чечим чыгарганга кирип кетти

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин соттук отуруму башталды.

Соттук отурумга айыпталуучулардын жакындары келген.

Судья сотто айыпталуучуларга акыркы сөз берди.

Анда ортомчулук кылды деп айыпталып жаткан Болотбек Токтобаев 8 айдан бери ооруп жатканын айтты.

"Менин үч балам бар. Алар ачка отурушат. Мен ооруп калган учурда акча доолап үйгө чейин барып, тынчтык бербей жатканын жубайым айтты. Андыктан соттон акыйкат чечим чыгарып берүүнү суранам", - деди ал.

Кийинки сөз Азимкан Жусубалиевге берилди.

Азыркы тапта судья чечим чыгарганга кирип кетти.

Маалыматтарга ылайык, бүгүн 30-июлда айыпталуучуларга сот чечим чыгарышы мүмкүн.

Окуянын чоо-жайы:

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалап, 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган.

Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.

Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан