Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевге чечим чыгарды.
Анда Азимкан Жусубалиев күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.
Ошондой эле прокурор ортомчулук кылды деп айыпталып жаткан Болотбек Токтобаев да күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды.
Ал эми ишти ачууга көмөк көрсөттү деген Бехрус Гулрузов сот залынан бошотулуп, мамлекетке 2 миллион сом айып төлөмөкчү болду.
Окуянын чоо-жайы:
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалап, 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган.
Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.
Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.