Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт жана жолдор министринин орун басары ири көлөмдөгү пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 5-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы козголгон кылмыш иштин негизинде Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. аттуу орун басарын 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Жогорудагы акча "Бириктирүүчү жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан тилкеси (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары)" долбоору боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында алынып жаткан. Кармалган чиновник аталган тендерге төрагалык кылып, чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөгөндүгү айтылат маалыматта.

"Ал үчүн жалпы 520 миң доллар берүүнү талап кылган. Буга чейин ал белгиленген сумманын 120 миң долларын ортомчу аркылуу алган. Ал ортомчу министрдин орун басарынын өзүнүн тууганы болгон. Ал эми акчанын калган бөлүгүн кийинки апталардан алууну пландаган", - деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Учурда министрдин орун басары УКМКнын кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

Транспорт жана жолдор министринин орун басарынын кызмат ордун 2017-жылдын февраль айынан бери Азимкан Жусубалиев ээлеп келет.

Кыргыз чиновниги 50 миң доллар пара менен кармалды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nanei
2018-12-06 11:02:38
Ушундай паракорлордун айынан кыргыздын уул кыздары чет жакта кундоп тундоп иштеп журушот
+10
Azat.97
2018-12-06 11:43:19
Кебетесинен эле корунуп турат кандай адам экени.
+1
taalay25
2018-12-06 11:44:14
Бир км жолду ондоо иштерине 2,5 миллион долларга подрядчиктер бутуруп атса демек ушуга окшогон ХХХХ багат да биринчи
+1
admin_superstan
2018-12-06 12:56:34
taalay25, gulzat85, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-4
Kychtyy
2018-12-06 14:36:21
Жарым миллион акча. Ой бой не дейт яя. Ушунча акчасын бергенден кийин жолдорду сапатсыз жасашса дагы унчуга алышбайтда. Жолдор 1 жыл отбой эски калыбына келип атат. Катуу жаза чара колдонуш керек
+1
SHAHDAR
2018-12-06 14:53:50
Туннельдин башындагы жарык өчмөк турсун, бетондолуп калды го. Тунгуюктан тунгуюк(((((
+1
prime_gul
2018-12-06 18:10:45
Мына ушуну пара мн кармалды десе болот, качан караба байкуш мугалимди 5000 -3000 сом мн кармап кыйын боло берчу эле булар. Чын эле иштеп баштадыбы же болушпой койгонбу....???
+2
zevs
2018-12-07 00:17:53
Ministr betin tabaktay kylyp oturup alsa kerek jumuwtan ketpey orun basary uwuncha alsa mi istrden milliondu kutso bolot ekenda. Alyp dele jatsa kerek
0
zevs
2018-12-07 00:19:50
Super info silerdin videonordu ech achalbay kaldym akyrky kundoru formatynatdy ozgortsonor bolo eski menen juroberbey
0
admin_superstan
2018-12-07 08:46:38
zevs,
Саламатсызбы, браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз, иштеп жатат.
0
arno2008
2018-12-07 01:48:41
Мунун баарын өзү жебейт да,табакташтарын да кармаса болмок жакшылап изилдеп.ошондо билинмек ана башы ким экени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан