КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Ниязовдун баш коргоо чарасы эртең, 10-августта каралат. Буга чейин Жолдубаева "Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалганын айткан.
8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алды. Буга чейин 7-августта болгон операция ийгиликсиз аяктап, андан 36 адам жаракат алып, 1 атайын даярдыктагы кызматтын аскери каза болгон. Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алышкан. Бирок алар атайын даярдыктагы жоокерлерди элдин тобунан коргоп калышканын айтышууда.