Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө келди. Сегизбаевге "Азыркы УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурда иштештиңиз беле?" деген суроо берилди.
"Мен УКМКга төрага болуп келгенде Орозбек Опумбаев Бишкек шаарынын башкармалыгынын жетекчиси болчу. Ошол кезде анын пенсияга чыгуу курагы келип, жумуштан бошотулган. Ал кызматтан кетүүнү кандай кабыл алганын билбейм. Жумуштан кетип жатканда анын тажрыйбасы керек боло турганын айткам. Башка түзүмдөрдө кызмат керек болсо колумдан келген жардамымды берүүгө даяр экенимди билдиргем", - дейт Сегизбаев.