Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта орун алган окуя боюнча кылмыш ишин ачып, тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
"Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган сотко чейинки кылмыш ишине Алмазбек Атамбаев 3 ирет күбө катары суракка чакыртылган. Бирок экс-президент суракка барган эмес. Мындан улам тергөөчү Атамбаевди зордоп алып келүү токтомун чыгарып, УКМКнын кызматкерлерине тапшырма берген. Аталган комитеттин кызматкерлери Кой-Ташка барганда Атамбаевдин тарапташтары курал жана башка каражаттарды колдонуу менен карышылык көрсөткөн. Массалык башаламандык тергөөнүн жүрүшүн үзгүлтүккө учуратыш үчүн уюштурулган.
7-августтагы окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "массалык башаламандык уюштуруу", "бейбаштык", "адам өлтүрүү" жана "адам өмүрүнө кол салуу" беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
8-августта УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлерин барымтага алуу фактысы дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "барымтага алуу" беренеси менен катталган. Алмазбек Атамбаев ушул күнү кармалып, тийиштүү жайга алып келинген
Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө экс-президенттин тарапташтары Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Сейитбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Окенов, Тилек Абдиев жана Мээрбек Мискенбаев суракка алынган.
Ал эми жогорудагы ачылган кылмыш иши боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов, "Элдик штабдын" башчысы Кыяз Смалиев жана Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.
9-августта Фарид Ниязов 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
10-августта Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалган.