Азиз Батукаев Чеченстан Республикасында 7 жылга камалган. Мындай маалыматты бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Депутат Дастан Бекешев уюшкан кылмыштуу топтун башчысы делген Азиз Батукаевди издөө иштери жүрүп жатабы деген суроо менен баш прокурорго кайрылды.
“Батукаев Чеченстандын соту тарабынан 7 жылга камалган. Ал жазасын өтөп бүткөнгө чейин бул жакка алып келүүгө болбойт”, - деди баш прокурор.
Бекешев: "Аны бошоткон аткаминерлер жоопко тартылдыбы?"
Жамшитов: "Учурда бул иш УКМК тарабынан тергелип жатат. Батукаев бул кылмыш иши боюнча көрсөтмө бериши керек. Кийин гана чара көрө алабыз".
Учурда парламентте баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылдагы иштер тууралуу отчёт берүүдө. Жыйынды түз эфир аркылуу төмөнкү шилтемеден көрсөңүз болот.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.