"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган лаборант Ирина Цопованын бутунун бармактары сынган. Бул тууралуу Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Цопованын бутуна гипс коюлган жана анын эч кимге эч кандай доосу жок.
"Биздин кызматкерлер кирип чыгышты. Абалы жакшы экен. Ошондой эле СИЗО-1дин медициналык кызматкерлери врачтын ден соолугуна карата тийиштүү чараларды колдонуп жатышыптыр", - деди Сулайманов.
Буга чейин Ирина Цопова СИЗО-1деги абактан 2 кабаттуу керебеттин 2-кабатынан түшөм деп бутун кокустатып алган. Жыйынтыгында анын бутунда жарака бар экени аныкталганы айтылган.
Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. Ал эми 15-майда Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.
2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген.