Садыр Жапаровдун иниси: "Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатат"

Бүгүн, 4-февралда "Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду" уюштурган экс-депутат Садыр Жапаровдун абактагы ишине байланыштуу маалымат жыйыны өттү. Жыйынга экс-депутат Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Давлатбек Жапаров жана башкалар катышты.

Жыйында экс-депутат Каныбек Осмоналиев "Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду" өлкө башчыга каршы кыймыл эмес экенине, ага жардам берүү фонду экенине токтолду. Анын айтымында, учурда Жапаровду абактан бошотуп, акыйкаттыкты бийликке жеткирүү аракеттери жүрүп жатат.

"Дароо эле негизги маселеге өтүп, кыска-нуска сүйлөөгө аракет кылабыз. Буга чейин бардык үч инстанциянын чечимдерин моюнубузга алып, кабыл алып келдик. Бирок Садыр Нургожоевичтин сапаты жана ага болгон биздин расмий бийликтин мамилеси жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк. Биздин кыймыл президент Сооронбай Шариповичке каршы кыймыл эмес, тескерисинче ага жардам берүү кыймылы. Кээ бир күчтөр бул кыймылды туура эмес жактан көрсөтүп жатат. Өлкө башчыны кандай күчтөр курчап турганын биз билип турабыз", - деди Осмоналиев.

Ал эми Садыр Жапаровдун иниси Давлатбек Жапаров агасынын абактан чыгуусуна байланыштуу иштер жүрүп жатканын, бирок андан жыйынтык болбой жатканы тууралуу айтты.

"Садыр Жапаров күнөөсүз эле камалып калганын баарыңыздар билесиздер. Мунун башында "Кумтөр" турганы дагы белгилүү. Учурда биз бул боюнча үч багытта иш алып барып жатабыз. Жактоочулар экиге бөлүнүп иштеп жатышат.

Биринчи багыт - Садыр Жапаровдун күнөөсү жок, ал акталышы керек деген багыт. Экинчи багытта жактоочулар азыр бизде иштеген мыйзамды сыйлап, соттун чечими чыгып калгандан кийин ал чечимди мыйзамдарга негиздеп Жапаровду абактан бошотуу аракетин жасап жатышат. Ал аракеттин биринчи жолу бул амнистиялык жолду колдонуу. Эгерде Садыр Жапаровго 2014-жылкы амнистияны колдоно турган болсо, анда ал абактан чыгып кетет. Мындан сырткары, Жапаровду 2020-жылдын февраль айында жатак абакка которуу боюнча убактысы келди", - деди Давлатбек Жапаров.

Ал Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатканын дагы кошумчалап өттү.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 30-апрелинде Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралган. Анда экс-депутаттын жазасы кыскартылганы айтылган. Тактап айтканда, 11 жыл 6 ай мөөнөттөгү жаза 10 жыл деп кыскартылган. Ал 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта.

Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Жапаровго 4 берене: "адам өлтүрүү үчүн барымта уюштуруу", "бийликке каршы митинг уюштуруу", "ээнбаштык" жана "Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу" боюнча айып тагылган.

“Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатат” дейт иниси
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан