Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.
Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына барышы бүгүн, 27-августта чечилерин билдирген.
Жапаровдун уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.