"Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок, ал акталууга тийиш", - деп бүгүн, 23-апрелде Жогорку Сотто соттук отурум аяктаган соң анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Бүгүнкү соттук отурум башталганда эле мыйзам талаптарын бузуу менен башталды. Судьялык коллегияга төрагалык кылган Лепес Темирбеков жактоочуларды тааныштырып, калган соттук курамды тааныштырбай туруп кийинки эрежеге өтүп кетти. Мыйзамдын талабына ылайык, алгач соттун курамы тааныштырылып, андан соң ишенбөөчүлүк барбы же жокпу деп аныкташы керек болчу. Бирок бул нерсе биз мыйзам талабы бузулгандыгын айткан соң гана айтылды.
Мен ишти карап жаткан соттук коллегияга төрагалык кылып жаткан Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк билдирдим, себеби 2013-жылдын 6-августунда Жогорку Сотто "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровго жана депутаттар Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевге мыйзамсыз өкүм чыгарган. Анда да ал мыйзам талаптарын бузган. Ал соттук курамда баяндоочу болгон, бардык келтирилген далилдерибизди эске албастан шаардык соттун мыйзамдуу чыгарган өкүмүн жокко чыгарып мыйзамсыз деп тапкан. Эгер ошондо мыйзамдуу чечимдер кабыл алынса, бүгүнкү күндөгү абалга жетпейт болчу. Эгер ал бул ишти карай турган болсо, акыйкаттуу чечим чыгарына көзүм жетпейт. Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок экени анык, бул иште жабырлануучу жок болгондугуна байланыштуу иш толук акталууга тийиш", - деди Токтосунов.
Садыр Жапаровдун иши боюнча кийинки соттук кароо 30-апрелге дайындалды.