Бүгүн, 28-августта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтүп жатат.
Садыр Жапаров баласына топурак салууга келди. Мындан тышкары акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, экс-депутаттар Камчыбек Ташиев, Бактыбек Калмаматов, Чолпон Жакупова, "Замандаштын" төрагасы Жеңиш Молдокматов катышты.
Жеринде жүргөн кабарчыбыздын айтымында, Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатында бир да мал союлган жок. "Мал союлбасын деп атасы Садыр Жапаров айтты" дешет жакындары. Маркумдун жаназасы окулуп жаткан учурда дин өкүлү: "Башкаларга үлгү, сабак болсун деген таризде мал союлган жок. Жаназасында мал союлбаганы аны сыйлагандык, шариятты сыйлагандык", - деди.
26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.