Бүгүн Чүй облустук сотто Садыр Жапаровдун иши каралат

Бүгүн, 19-августта Чүй облустук сотто Садыр Жапаровдун иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук соту Садыр Жапаровдун апелляциялык арызын кабыл алган. Соттук отурум саат 11:00гө белгиленген.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан өлкөгө кирип келе жаткан жеринен кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Qwer007
2019-08-19 08:55:30
Сотторго нысап берип акталып кетсе экен
+4
urmat94
2019-08-19 09:09:15
Дагы эле умуттонуп олтурабыз актап чыгаргылачы сураныч бейкуноо отурат
+3
altyn-kumush
2019-08-19 09:14:09
Мыйзамдын негизинде сот адилеттуу жана калыс чечим чыгарат
+2
amin1986
2019-08-19 09:20:15
Куноосу жок олтурат, Куноосу болсо Эл деле билмек, элдин созун угуп койгулачы соттор
+2
NURSAPAR
2019-08-19 09:21:35
Акталсын чыныгы патриот жигиттердин бири. Кыргызстан үчүн жан күйгүзгөн инсан.
+2
Bektur2011
2019-08-19 09:26:39
Садыр байке деле таза эмес
+2
Kyrgyz-jigit.com
2019-08-19 09:28:09
Акталып кетсе экен.
+2
amin1986
2019-08-19 09:51:04
Ким билет саат канчада болот экен соту
0
nabievich
2019-08-19 09:54:18
отуруп алып жакшы жаман деп айтыш оной бирок адардын ишин сот карап жатат таза болсо акталып калар
0
KaGaH
2019-08-19 09:57:39
Садыр Жапаровго боштондук!!!!
+3
Jaznura
2019-08-19 10:08:39
Садырды коп ак карга кыла бербегиле. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан