Бүгүн, 16-июлда Садыр Жапаровдун иши боюнча сот болду. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, Жаза аткаруу мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна мунапыс боюнча "3 жыл 4 айы кыскарат, ушуну кыскартып бергиле" деп төмөндөгү сунуш менен кайрылган.
"5-июль күнү эртең менен сот болуп, 10 мүнөттө карап койчу ишти түштөн кийинкиге жылдырган. Түштөн кийин 15-июлга жылдырган. Кечээ дагы ар кандай шылтоолор менен бүгүн эртең мененкиге койгон. Эртең менен кайрадан түштөн кийинкиге калтырып, көпкө ойлонгон чечимин чыгарды.
"Мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн соту Байсов Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты. Ушул эле мунапысты кечээ эле Кубан Кадыров, Талгарбеков, Бектур Асановго райондук сот колдонуп чыгарган. Текебаев менен Чотоновду 8 жылга соттоп, сот залынан эч кандай мөөнөтү өтүп кетти дебестен, ушул эле мунапысты колдонуп, 3 жарым жылын алып, 4 жарым жыл жаза мөөнөт берилген. Текебаев менен Чотоновдун өкүмүндө баары жазылып турат. Мына ушундан улам биздин өлкөдө кош стандарттуулук өкүм сүрүп жатат десек эч жаңылбайбыз. Текебаев, Чотонов, Кадыров, Асанов, Талгарбековго мунапыс иштеди, Садыр Жапаровго иштетпей коюшту. Мыйзам иштегенде бүгүн Садыр Жапаров шарттуу түрдө абактан боштондукка чыкмак. Тилекке каршы, чыкпай калды.
Бул эмненин белгиси? Бул деген сот чечпейт, башка жактан буйрук келет деп билсек болот. Садыр Жапаровдун чыгышынан эмнегедир коркуп жатышат. Ал эми жаңы жагдай боюнча далилдерибиз толтура. Бирок сотко кайрылган менен баары бир адилеттүү чечим чыкпайт деп кайрылбай турабыз. Кудай буюрган күнү баары бир чыгат", - деди Токтосунов.
Окуянын чоо-жайы:
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши 23-апрелде каралып, кайра 30-апрелге жылдырылган.