Бүгүн, 9-мартта абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун апасы жерге берилди. Саясатчы апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандан кийин кайра аны абакка алып кетишти.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
Токтосуновдун айтуусунда, Садыр Жапаровго бир күнгө гана уруксат берилген.
"Садыр Жапаровго апасына топурак салып келүүгө гана уруксат берилген. Ал туугандары менен коштошуп, кайра абакка кетти. Аны коштоп атайын ички иштер органынын кызматкерлери (конвой) келишкен, ошолор алып кетишти", - деди жактоочу.
Саясатчынын апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Жапаровдун апасын жерге берүү зыйнаты бүгүн саат 11де Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында болду. Буга чейин 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес. Анын чоо-жайын ошол учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф төмөндөгүдөй түшүндүргөн.
"Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык, 226, 226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299, 299-3, 375 жана 376-беренелер боюнча соттолгондорго кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт. Мындан улам анын СИЗОдон тышка чыгуусу мүмкүн эмес", - деген.
Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.