Орусияда Леонид Маевский бизнесмендерди компромат менен коркутуп, 50 миллион доллар талап кылганы белгилүү болду

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский "Альфа-банкынын" ээлери Михаил Фридман менен Пётр Авенди компромат менен коркутуп, алардан 50 миллион доллар талап кылганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"2018-жылдын октябрь-ноябрь айларында Маевский Фридман менен Авендин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына терс таасир эте ала турган маалыматтарды жарыялайм деп коркутуп, алардан 50 миллион доллар талап кылган. Эмне маалыматтар экени айтылган жок", - деп айтылат маалыматта.
Леонид Маевскийге кылмыш иши 2018-жылдын 18-ноябрында ачылган. Ал 15 жылга кесилиши мүмкүн.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган.

2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Леонид Маевский 1999-2003-жылдар аралыгында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын үчүнчү чакырылыштагы депутаты болгон.

16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bars88
2019-07-12 13:06:39
Бир аферистин созуно Текебаевди камашты.
+7
fora
2019-07-12 14:11:07
Ашанын досу да озу да жалганчы шантажисть Атамбайды кошо камагыла
+6
NURSAPAR
2019-07-12 14:12:49
АШАбызды ала жат...
+4
Esenali
2019-07-12 14:32:58
Текебаевге боштондук.
+5
al-abu-kinesz
2019-07-12 14:34:06
ашанын буйругу болгон деп Маевский корсотмо берсе эле ашаны камоого ошол деле жетиштуу болмок. 179 жылга кетсе да ыраазы элем.
+6
Mars575
2019-07-12 14:34:51
Аферист бейкуноо кыргыз жигиттерин убал кылдын акмак афереист Сегизбаевди кошуп тыгыш керек. АША ойлон
+3
talant87
2019-07-12 15:04:36
Баарыбыз умут менен жашайбыз, бирок элдин конулунон калбасын эч бир адам. келгиче элди алдап, келгенде дагын алдап, кеткенде мен акмын дебей. Иштеп корсотуп анан жейберсин элдин жашоо шартын ондоп
0
Agayu
2019-07-12 15:04:50
Аша корсо Каша кылган экен да !
0
Agayu
2019-07-12 15:07:44
Мына Россиянын политикасын карагыла .Ото тонький кылып мафия жургузушот.Ал нерсе бизге абдан чон таасирин тийгизет.Эл эчнерсени байкабай калат .Байкагандар унчукпайт.
+1
Altyn2017
2019-07-12 15:40:35
Болду бутту Аша камалбайт эми кечее Путин брат Соке братка Аша тийе корбо деген тапшырма бериптир эми Ашага повестка да барбайт мына коросунор.
+2
Chungyz
2019-07-12 18:02:41
Баары афиристер
0
Aikaaaa
2019-07-12 20:59:22
Атамбаевге эчтемке кылалышпайт
+1
didu
2019-07-13 23:31:38
кыргызстанды эки Адам нарда ойногондой эле ойношот окшойт, бири койуп ,бири журуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан