Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча документ прокуратурага тапшырылды

Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча документ Башкы прокуратурага тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлардын ачылганы боюнча Башкы прокуратурага арыз тапшырылды. Башкы прокуратура арызды колдосо документтер Жогорку Сотко жиберилет, соттон колдоо тапса иш биринчи инстанцияга кайтарылат.

Башкы прокуратуранын жообу 15 күндө белгилүү болушу мүмкүн.

Эске салсак, былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fantomas
2018-05-22 12:48:19
Текебаев Маевскийден бир миллион доллар пара алып албаганын билбедим го, бирок 7-апрелден кийинки морадерствого тиешеси бар деген кептерде чындыктын улушу бар деп ойлойм.

Менин оюмда Текебаевден мурун элге ак кызматы менен таанылган Мелис Мырзакматов менен Садыр Жапаров акталышы керек...

Хотя Сокеге Атамбаев менен курошуу учун Текебаевдин жардамы керек болуп жатат. Ал эми Жапаров менен Мырзакматовдун саясий аренага кайтуусун Соке каалабай жатат, анткени алардан коркот.
-5
nemo2016
2018-05-22 13:05:18
fantomas,сенин жапаров мн мырзакмотов саясий аренага кайтсын деген созуно кошулам калганына кошулалбайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан