Ош облусунун Кара-Кулжа районунда унаа 20 метр ылдыйдагы дарыяга түшүп кетип 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 6-январда саат 10:30 чамасында болгон. Анда Тойота RAV4 үлгүсүндөгү унаа жолдон 20 метр төмөндөгү Кара-Жыгач дарыясына түшүп кеткен.
"Унааны 60 жаштагы Э.С. айдап бара жатып башкарууну жоготкон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, 43 жаштагы жүргүнчү каза болуп калган. 2016-жылы төрөлгөн бала жаракат алып райондук ооруканага жеткирилди. Бул кырсык боюнча Кара-Кулжа РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.