Бишкекте жол кырсыгынан 1 аял каза болду

Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.

"21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларында 7-апрель жана М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял каза болгон. Ал эми айдоочусу 1989-жылы туулган Б.Э.Д. жабыркаган эмес.

Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган М.Э.М. жана жүргүнчүсү 1993-жылы туулган Р.у.Э. ар түрдүү жаракаттарды алышкан. ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан