28-август күнү Бишкектин Жал кичи районунда орун алган мушташтын кесепетинен жабыркаган жарандардын жакындары "бул иш акыйкат иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын алсын" деп коомчулуктан жана тиешелүү тараптардан жардам сурап SUPER.KG порталына кайрылышты.
Жабыркаган тараптын жакындары “күч органдары ишти жашырууга аракеттенип кечиктирип жатат” деп тынчсызданышууда.
"Инимди сабаган балдардын байкеси күч органдарында иштейт экен, ал балдарды чакыртып келип, кайра менин инилеримдин үстүнөн өздөрү тийишкен деп арыз жаздырып кеткен экен. Ленин райондук прокуратурага кайрылганбыз, ошондо алардын кийлигишүүсү менен иш алдыга жыла баштады. Азыр инилеримдин абалы оор, өздөрүнө келе элек. Бир жумадан кийин операция кылабыз деп жатышат. Баш сөөгү да сынган, катуу залака келген, башындагы шишиги кайтпай жатат. Пластик коёбуз дешүүдө, өзүнө келеби же келбейби белгисиз", - дейт жабырлануучулардын биринин эжеси.
"Биздин бир туугандарыбызды сабаган балдар мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. Алар өз жазаларын алсын. Биз жалпы тиешелүү тараптарга, укук коргоочуларга кайрылып кетер элек, бул иш акыйкат иликтенүүсүнө жардам берүүңүздөрдү суранабыз", - деди жабырлануучулардын биринин балдызы.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринчиси Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясында дарыланып жатканын, ал эми экинчи жабырлануучу ооруканага түшкөндө оор абалда нейрохирургиянын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын айтты. Азыр бейтап жалпы палатага которулганы маалым болду.