Жалдагы үрөй учурган окуя боюнча кармалган шектүүлөрдүн агасы Казыбек Бапышов 10-ноябрга чейин камакка алынды

Жалдагы мушташ боюнча кармалган шектүүлөрдүн агасы, ИИМдин мурунку кызматкери Казыбек Бапышов 10-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 12-сентябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Бапышов 10-сентябрда кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, анда Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdizhapar
2019-09-12 23:23:10
Зоокурлордун баарын камаш керек
+1
rysik79
2019-09-13 00:58:23
Жакшы жанылык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан