Бишкектин Жал кичи районунда болгон мушташта шектүүлөрдү окуя болгон жерден алып кеткен милиция Чүй ОИИББинин кызматкери Казыбек Бапышов экендиги айтылууда.
Ал эми Чүй ОИИББи кызматкердин атын тактаган жок, бирок шектүүлөрдү алып кеткен деген милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталганын билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматы кызматтык иликтөө аяктамайын эч кандай комментарий бере албастыгын айтты.
Буга чейин Башкы прокуратуранын билдирген маалыматы боюнча 28-августта болжол менен саат 07:00дө Бишкек ШИИББине окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын патрулдук-кайгуул кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери да барган.
"Окуя болгон жерге Чүй ОИИББинин Б.К. аттуу кызматкери да барган. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды алып кеткен.Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кылмышты жаап жашыруу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирген прокуратура.